Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №5
Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы
ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомун турмушка ашырууда башка аймактардан келген кесипкөй адистерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында айыл өкмөттүн баланссындагы муниципалдык квартира курууга жер аянтын сатып алуу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл өкмөттүн баланссындагы муниципалдык квартира курууга Жалгыз-Өрүк айылынын Ынтымак көчөсүнүн № 3 үйүнүн тургуну Кожонов Канатбек Эргешовичке таандык 2700 кв.м жер аянтын көп тармактуу кызматтар “Акылдуу кызмат” ЖЧК баалап берген 1 755 000 ( бир миллион жети жүз элүү беш миң) сомго “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык сатып алууга макулдук берилсин.
2.Жер аянтын айыл өкмөттүн баланссына сатып алуу жана тийиштүү укуктук документтерин мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|