Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №1
Жаштар форумуна” каражат ажыратуу жөнүндө
Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер чөйрөсүндө өтө турган “Жаштар форумун” уюштурууга колдоо көрсөтүү тууралуу маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер чөйрөсүндө өтө турган “Жаштар форумун” уюштурууга колдоо көрсөтүү максатында Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 41 000 (кырк бир миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|