Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №2
Жергиликтүү Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө
“Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары тууралуу Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жакыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат орунга шайлангандыгына байланыштуу, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын нормаларына ылайык анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы жана кезекте турган айылдык Кеңештин депутаттыгына талапкерди аныктоо жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|