Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 январы №27
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2018-жылдын 1-январына бюджеттик эсепте калган 4830,2 мин сом жана атайын каражат эсебинде калган 455,7мин сом акча каражатын. Кенештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Төрт-Көл айылдык Кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2019-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик эсеби 4830,2мин сомго көбөйтүлсүн жана сметанын негизинде төмөндөгү бөлүмдөрдүн статьяларына бөлүнүп берилсин.
2.2018-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн атайын каражат эсеби 455,7 мин сомго көбөйтүлсүн жана сметанын негизинде төмөндөгү бөлүмдөрдүн статьяларына бөлүнүп берилсин.
3.Балдар бакчаларынын ата-энелердин тамак ашка төлөмдөрү 600сомдон
4. Балдар бакчаларынын ар кандай чыгымдарга ата-энелердин төлөмдөрү 100сомдон.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|