Редакцияот 29.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттарынын VI чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 29 марты №29/5

Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын айылдык китепкаанасына ысым ыйгаруу жөнүндө

Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын айылдык китепканасына ысым ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын протоколун карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылындагы айылдык китепканага Сатыбалдыев Пазылдын ысымы ыйгарылсын.

2.Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын айылдык китепканасына демөөрчүлүк көрсөтүү жагы Сатыбалдыев Пазылдын үй-бүлөсүнө сунушталсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл чарба,өнөр жай,курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Ахмедов