Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05 апрели №31
Каада-салттар жөнүндө
Айыл аймагындагы айылдарда үрп адат, каада-салттар боюнча жүрүп жаткан иштер жөнүндөгү маселени дин кызматкерлери жана айыл аксакалдар кенеши, аялдар кеңеши, аксакалдар соттору менен биргеликте карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл аймагындагы айылдарда /рп адат каада-салттардагы ыксыз ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча сунушталган иш-чаралар бекитилсин.
2.Ыксыз ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча сунушталган иш-чараларды аткаруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы айыл башчыларга, эл башчыларга, дин кызматкелерине сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендрилсин
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|