Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05 апрели №31/3
Эпизоотиялык абалдын туруктулугун сактоо жөнүндө
Эпизоотиялык абалдын туруктуулугун сактоо боюнча ветеринардык адистин аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Эпизоотиялык абалдын туруктуулугун сактоо боюнча ветеринардык адис Абдилазиз уулу Майсалбектин аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Мал жандыктарды ар түрдүү ылаңдарга каршы алдын ала эмдөөнү өз мөөнөттөрүндө аткарууну камсыздоо жагы ветеринардык адис Абдилазиз уулу Майсалбекке жана ветеринардык адистерге милдеттендрилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча туруктуу комиссияссына милдеттендрилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|