Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 19-августу № 19
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында жашаган жарандардын жана мектеп окуучуларынын спорт менен машыгууга шарт түзүп берүү максатында, Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектебинин аймагынан 0,10га жер тилкеси кичи футбол талаасын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Талиев |