Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6 июну №33
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтү эл аралык ПРООН уюму менен кызматташып жаткандыктан биздин эсепке келип түшкөн 390,6 миң сомду жана балдар бакчаларына ата-энелерден түшүүчү 577,4 миң сомду. Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Төрт-Көл айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2019-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 968,3 миң сомго көбөйтүлсүн турак жай коомунун жана балдар бакчасынын төмөндөгү бөлүмдөрүнүн статьяларына бөлүнүп берилсин.
Турак жай коомуна
31113390 Башка курулуштарды капиталдык оңдоо 390,6миң сом
Балдар бакчасына
22181100 Тамак аш сатып алуу 302,6 миң сом
22221100 Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу 267,6 миң сом
22341100 Газ сатып алуу 7,2 миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|