Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 июлу №34
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнө недерлерди пайдаланууда лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөмдөн ашыкча түшкөн 670,4 миң жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндөгү маселе кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2019-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 6 айдын жыйынтыгы менен 670,4 миң сомго көбөйтүлсүн. Турак жай коомунун жана аппараттын төмөндөгү бөлүмдөрдүн статьяларына бөлүнүп берилсин.
1.Турак жай коомунун 22154900 статьясына 200,0 миң сом
22221200 статьясына 345,0 миң сом
31113390 статьясына 65,0 миң сом
2. Мамлекеттик башкарууга 22111100 статьясына 30,0 миң сом
22154200 статьясына 1,4 миң сом
22221200 статьясына 29,0 миң сом
Бардыгы 670,4 миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|