Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 июлу №34/5
Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Бостон айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Бостон айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколун карап чыгып Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Бостон айылынын тургундаынын муктаждыктарын чечүү максатында 50 (элүү) орундуу эки тайпалык жамааттык балдар бакчасы Бостон айылынын тургуну Мырзакматов Кабылдын үйүнүн ээлеген аянтына ачылсын.
2.Бостон айылында 50(элүү) орундуу жаматтык балдар бакчасына “Нурсултан” ысымы ыйгарылсын.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин айыл чарба,өнор жай, курулуш, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|