Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 июлу №34/6
Жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнөн “ Калктуу конуштардын жерлери” түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагындагы Макаренко,Шоро-Башат,Бостон,Ана-Кызыл,Кыймыл айылдарынын тургундарынын жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участогун сурап жазган арыздарын канааттандыруу максатында Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жеке менчик турак жай курууга Макаренко айылынан № 291 контурда 10,81 га жайыт, Шоро-Башат айылында “Шоро” учаскасыеда № 399 контурунда 2 га жайыт, “Чалдыбар” учаскасында № 12 контурунда 5 га жайыт, “Салима” учаскасында № 175 контурда 4,20га кайрак айдоо, “Комплекс” учаскасында № 214-контурда 6,45 жайыт, “Гулистан” учаскасында -№1195 контурда 8,90га кайрак айдоо , № 398- контурда 20,80 га токой аянты, №398- контурда 15,40га токой аянты, Бостон айылында №1443-контурда 6,5 га жайыт, “Изолятор” участкасында № 143-контурда 4,60 га жайыт, № 1409-контурда 7 га жайыт, №1350-контурда 5 га жайыт, Ана-Кызыл айылында, № 1430 –контурда 0,5 га жайыт № 553 контурда 5,03 га жайыт, №838-контурда 0,5 га жайыт, 812- контурда 11,20 га кайрак айдоо, жалпысынан 123,36га жер тилкеси, анын ичинен 62,86 га жайыт, 36,2 га токой аянты, 24,3 га кайрак айдоо “Айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнөн “ Калктуу конуштардын жерлери” түрүнө которуи(трансформациялоо) үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2.Суралсын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан, Өзгөн райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3.Ушул токтомдун аткарылышын боюнча иш жүргүзүү жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин айыл чарба,өнөр жай, курулуш, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|