Загрузка документа…
ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 июлу №34/7
Жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнөн “Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлер” түрүнө которуу (трансформациялоо)жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Бостон айылынын тургундарынын мүрзөгө болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бостон айылында №1350 контурдан 2,00га жайыт жер тилкеси мүрзө үчүн пайдаланууга “Айыл чарба багытындагы жерлер “ түрүнөн “Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери” түрүнө котору (трансформациялоо) үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2.Суралсын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан, Өзгөн райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкелерин котору (трансформациялоо)боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнор жай, курулуш, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Ахмедов |
|