Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты.№ 11/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү “ жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча иштелип чыккан “ЖОБОНУ “ бекитүү жөнүндө.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү “ жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү “ жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптууишке ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча иштелип чыккан “ЖОБОНУ “ карап чыгып Сары-Булак айылдык окуруктук кенешинин кезексиз чакырылган (V1-шайланган) № 11-сессиясынын жыйналышы .
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү “ жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча иштелип чыккан “ЖОБО” бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү “ жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча 21 (жигирма бир ) адамдан комиссиянын курамы түзүлүп бекитилсин.
3. Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча и штелип чыккан “ЖОБОнун” негизинде иш алып баруу жагы ырым жырымдарды жана ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин торагасы: | Ж. Акматалиев |
|
“БЕКИТЕМИН”
Сары-Булак айылдык кенешинин
төрагасы: Ж.Акматалиев
. _____________________14-03-2019-ж
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү “ жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча .
ЖОБО.
ТАЖИЯ.
1. 1 бодо же 2 койдон ашык союулбасын.
2. Көк кийилбесин. (шариятта жок.)
3. Сандык ачмай болбосун. (эгер топтоп алган байбичелерболсо тиригинде өзүнүн мураскорлоруна берип койсо болот.)
4. Жыртыш Челпек берилбесин.(шариятта жок).
5. Кайрат, Доора, Таалил таш өткөрүлбөсүн.
6. Чүпүрөк чапырак көтөрүлбөсүн(колунан келишинче акча берилсин.)
7. Үчүлүк,Жетилик, Пайшамбалик өткөрүлбөсүн.
8. Майит эки түн түнөтүлбөсүн.
КЫРКТЫК.
2. 1 Кой союуп өткөрсүн , Бодого уруксат жок, өзүнүн айылын чакырсын, кырк күн эсептебей (кырк өзү жок ) шартына карап куран окутуп койсо болот.
2. Себет, чай ичирди болбосун (жок).
3. Эгер катмы окутушту кааласа өз эрки , бирок кой союулбайт, себет киргизилбейт.
3. 1. Союуш 1 бодо же 1 койго уруксат ушудан ашпасын ( жылдык өзү жок).
2. Ак кийди болбосун.
3. Жай бекитмей жок Эстелик коюулбасын.
4. Чай ичирди , себет алып бармай токтотулсун.
5. Чүпүрөк көтөрмөй жок колунан келишинче акча берип коймой
6. Эгер катмы окутам десе окутсун бирок кой союулбасын, себет киргизилбесин.
Куран окутмай.
4. 1. Эгер өзүнүн айылында бирөөнүн жакындарынан кайтыш болсо өзү дагы башкадан куран окутпай эле койсо болот.
2. Баардык айыл айылдарда ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча элдик жыйындар өткөрүлүп жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. 1. Ушул “ЖОБО” айылдык кенештин сессиясында талкууланып бекитилсин.