Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №121-27
Киреше планын көбөйтүү жөнүндө
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетке кирешенин түшүүсү жөнүндөгү пландын ашыра аткарылышы тууралуу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетти төмөнкү салыктар боюнча киреше планы көбөйтүлсүн:
- киреше салыгы – 6040,0 миң сомго;
- сатуудан алынуучу салык – 360,0 миң сомго;
- милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 24,7 миң сомго;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 2952,6 миң сомго;
- короо жай участогу үчүн жер салыгы – 6,7 миң сомго;
- айыл чарба багытында болбогон жер үчүн салык – 135,0 миң сомго;
- калктуу конуштардын жерлерин ижаралоо үчүн төлөм – 40,4 миң сомго;
Баары – 9649,9 миң сомго.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кольбаевге жүктөлсүн
Төрага: | А. Филимоненко |
|