Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу №123-27
Максаттуу багытты өзгөртүү жөнүндө
Жер участокторунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Кариповдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле туруктуу жер комиссиясынын протоколунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айылындагы Гидростроитель көчөсү боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,090782 га № 2 участогундагы жана жалпы аянты 0,374803га № 3 участогундагы жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|