Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу № 126-27
Жол кире тарифтери жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле Садовое айылынын тургундарынын жол кире тарифтерин бекитүү жөнүндө протоколунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Садовое айылынын Гидровская жана Новая көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн жол кире тарифи шаардык транспорт (№ 135 маршрут) боюнча төмөнкүдөй бекитилсин:
- окуучуларга – 10 (он) сом өлчөмүндө;
- пенсинерлерге – 15 (он беш) сом өлчөмүндө;
- эмгекке жарымдуу калкка – 17 (он жети) сом, саат 20-00дөн кийин 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо мыйзамдар боюнча, адам укуктары боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн (төрагасы Х.К.Алиев).
Төрага: | А. Филимоненко |
|