Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу № 127-27
Мектептердин спорттук аянтчаларын резина жабуулар менен жабдуу
№ 1 жана № 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектептеринин спорттук аянтчаларын тосмо менен жабдуу жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Кариповдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чүй облусун Өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган долбоордук табыштамалар конкурсун өткөрүү жөнүндө катынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облусун Өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган долбоордук табыштамалар конкурсуна катыша турган төмөнкү долбоорлор бекитилсин:
- “№ 1 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин спорттук аянтчасын резина жабуу менен жабдуу”;
- “№ 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин спорттук аянтчасын резина жабуу жана периметри боюнча тосмо менен жабдуу”.
2. Айыл өкмөтү жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн демилгелүү топту түзсүн жана бекитсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Чүй облусун Өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган долбоордук табыштамалар конкурсуна катышууга документтерди даярдасын жана жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн
Төрага: | А. Филимоненко |
|