Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу № 128-27
Акча каражаттары жөнүндө
“Ачык келечек” муниципалдык ишканасына жана “Ынтымак-Аламүдүн” муниципалдык ишканасына акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы А.П. Филимоненконун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чыгашалар сметасына ылайык жергиликтүү бюджеттен “Ачык келечек” муниципалдык ишканасына жана “Ынтымак-Аламүдүн” муниципалдык ишканасына акча каражаттарын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|