Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 129-27
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүү тууралуу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин кезектен тышкары сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосунда түзүлгөн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
2. Ушул келишимде аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу нун аткаруу органдарынын укуктарынын жана милдеттеринин аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн
Төрага: | А. Филимоненко |
|