Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 30/1
Кара-Тоо айылындагы «Аэропорт» участкасындагы №530-контурундагы 3,0 га кайра бөлүштүрүү фондусунун сугат айдоо жерин «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан», «Калктуу конуштардын жерлери категориясына» которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы «Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №145 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11- 13-беренесинин 2-бөлүмүн, 25-беренесин жана Семиз-Бел айыл аймагынын жер комиссиясынын 13.09. 2017-жылдагы «Аэропорт» участкасындагы 3.0га жер аянтына изилдөө жүргүзгөн актысын жетекчиликке алып, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту мамлекеттик ишканасынын 01.11.2017-жылдагы № 01-30/570-каты менен аныктаган № 530-контурундагы 3.0 га кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо жерине жалпы билим берүү обьектисин куру үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан», «Калктуу конуштардын жерлери категориясына» которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, жер отчетуна өзгөртүү киргизип, укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясынан жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын 18-октябрь 2017-жылдагы № 11/8 токтому (№530-контурунун ордуна 533 деп жазылып) техникалык ката кеткендигине байланыштуу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин
Төрага: |
Р. Базаркулов |
|