Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
.2019-жылдын 23 декабры №6
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жарандарынын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2019жылдын 20-декабрь айындагы программасын бекитүү жөнүндө
1. Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл өкмөтүнүн программасы бекитилсин.
2. Алля Анаров айыл өкмөтү боюнча жалпы аянты 1497,0 айыл чарбасына жарактуу жер аянты бар. Анын ичинен 1161,0га сугат айдоо, 336,0га кайрак айдоо жерлерди түзөт.
Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери 416,0ганы түзөт, анын 246,0га сугат айдоо , 170,0га кайрак жерлери.
Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куру үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо-облустун, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.
Жеке турак үй куру үчүн бериллүүчү жер участокторунун өлчөмү жергиликтүү айылдык Кеңеш тарабынан аныкталган өлчөм менен берилет.
Жеке турак үй куру үчүн жер участогун алуу укугу Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй жарандарына таандык:
- ошол администрациялык-аймактык бирдикте (айыл аймагында) 1 жылдан кем эмес жашагандар:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча мурда жеке менчик үй курууга берилген жер участогу жоктор:
- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды эсепке албаганда , менчик турак жайы жоктор:
- кийинки 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартулоо бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатуучу жарандык-укуктук иштерди жасабагандар.
Жеке турак үй куру үчүн жер участогун алуу үчүн талапкер Адам айыл өкмөтүнө төмөндөгүдөй документтери тапшырат:
-аныкталган формадагы арыз
- Ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү ( АД паспорт)
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куру үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты:
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү:
- райондук архитектура анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куру үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу туулалуу маалымкаты:
- турак жай шарттарын текшерүү актысы:
- жашаган жеринен үй-бүлөөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн айыл өкмөтүнө документ тапшырган КРнын жарандары , ошондой эле документтерди берүүчү
Органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
Тапшырылган документтерди кароо үчүн айыл өкмөтүндө төмөнкүдөй комиссия түзүлгөн:
-жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү жана өкүлчүлүк органдарынын өкүлү:
- коомчулуктун өкүлдөрү.
Айыл өкмөтү калктуу конуштардынаймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө жергиликтүү архитектура жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалары менен биргеликте жеке менгчик турак үй куру үчүн бериллүүчү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашат, бекитилген курулуш куру документтерин,курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чек араларын аныктайт ,ар бирж ер участогу боюнча маалыматтык пакет түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:
- жер участогу жайгашкан орун , кадастрлык номери:
- жер участогунун планы анын чегараларын, сервитуттар колдонулуучу чегараларын чийүү менен:
- инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду.
Комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынан жеке менчик үй куру үчүн жер участогун берүү жөнүндө түшкөн өтүнүчтөрдү жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик турак үй курууга жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет.
Алля Анаров айылдык Кеңешинин төрөгасы: | Р. Худайбердиев |
|