Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31 декабры №49-27
Долбоорлор жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл аймагынын социалдык чөйрөсүнүн өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чүй облусун Өнүктүрүү фонду каржылаган долбоордук табыштамалардын конкурсун өткөрүү тууралуу катынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облусун Өнүктүрүү фонду каржылаган конкурска катышуу үчүн төмөнкү долбоорлор бекитилсин:
- “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун аймагын абаттоо;
- муниципалдык билим берүү борборуна эмерек алуу.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Чүй облусун Өнүктүрүү фонду каржылаган долбоордук табыштамалар конкурсуна катышуу үчүн документтерди даярдасын жана жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|