Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры №51-27
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2018-жылдын 1-январына карата айыл аймагында малдын жана үй канаттууларынын бир жолку каттоо эсебин жүргүзүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, ошондой эле жетим балдардын батиринин ижара акысын төлөө тууралуу Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Каттоочуларга жергиликтүү бюджеттен ар бир үй чарбасы үчүн 15 (Он беш) сомдон акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Жетим балдардын батиринин ижара акысын төлөө үчүн И.А.Кенжебаевге 2018-жылдын аралыгында ай сайын 5,0 миң сомдон акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Квартал сайын көрүүсү начар I топтогу майыптар А.К.Косицынга, В.А.Косицынага жана В.Н.Карихге 500,0 сомдон бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|