Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы №52-27
Кошумча бирдиктер жөнүндө
2018-жылга карата эмгек келишими боюнча кошумча бирдиктерди карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга карата эмгек келишими боюнча төмөнкү кошумча бирдиктер бекитилсин:
- салыктар боюнча жетектөөчү адис – 2 киши * 8550 сом = 17100 сом;
- спорт боюнча инструктор – 1 киши * 8550 сом = 8550 сом;
- тракторчу – 1 киши * 5000 сом = 5000 сом;
- Алма-Ата көчөсү № 60 дареги боюнча балдар бакчасынын башчысы – 1 киши * 3500сом = 3500 сом;
- сайттын редактору – 1 киши * 5000 сом = 5000 сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|