АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31 февралы №54-27
Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы токтомуна ылайык, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 229-б буйругунун негизинде жана Ленин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы № 51 “Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди бекитүү жөнүндө” токтомуна жана Ленин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы № 52 “Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүнү макулдашуу жөнүндө” токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы административдик чек аралар № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди белгилөөгө жана аныктоого байланыштуу Садовое айылындагы анклавдардын жер участокторун алардын максаттуу багытын жана менчик формаларын өзгөртпөй № 1 тиркемеге ылайык контурлары менен өткөрүп берүү жактырылсын.
3. Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жалпы аянты 41,5 га жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагынын административдик чек арасына өткөрүп берүү жактырылсын.
4. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы ушул токтомду белгиленген мыйзам тартибинде бекитүүнү сурансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|