Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 22-февралы №55-27
Пионер көчөсү боюнча жер участогун өзгөртүү жөнүндө
А.С.Асанкуловдун арызынын негизинде, ошондой эле Пионер, Маяковский, Гагарин ж.б. (Жашыл көчө районунун көчөлөрү) көчөлөрдүн жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылын Пионер көчөсү боюнча жайгашкан далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-3449 жер участогун өз алдынча эки участокко бөлүүгө жана “ТТС куруу жана кампалар үчүн” белгиленген жер участогунун максаттуу багытын – “Күнөскана чарбасын куруу” жана “Суутоптомо скважина жана суу мунарасын куруу” максаттуу багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. кайтарымсыз негизде “Суутоптомо скважина жана суу мунарасын куруу” максаттуу багытындагы жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|