Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 22-февралы №56-27
Демонтаждоо жөнүндө
Аламүдүн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын убактылуу соода павильондорун, контейнерлерди жана жарнама щиттерин тартипке келтирүү жөнүндө катынын негизинде, ошондой эле Аламүдүн айылынын борбордук көчөлөрүн абаттоо жана архитектуралык келбетин жакшыртуу максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан жеңил конструкция жана сырткы жарнама объектилерин Аламүдүн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы берген объектилердин тизмесине ылайык демонтаж жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Жогоруда аталган талаптарды өз алдынча аркарбай койгон учурда Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сот органдарына кайрылууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|