Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 22-февралы №58-27
ЖТК үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл аймагынын башчысынын кызматтык катын, Мыкан айылынын жашоочуларынын арыздарын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 54-27 токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Мыкан айылынын жашоочуларына жеке турак үйлөрүн куруу үчүн башкы планга ылайык аянты 5,0 га жер участогун бөлүп берүү жактырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|