Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 22-февралы №61-27
Калктан акча каражатын жыйноо жөнүндө
“Сантех-Сервис-Аламудун” муниципалдык ишканасынын Школьная, Ат-Башы, Достук, Манас, Кыргызстан, Кожомкул, Долон, Токтогул, Фрунзе, Кожожаш, Фабрика, Гоголь, Кавказ туюгу, Логвиненко, Чугуева жана Алма-Ата көчөлөрү боюнча канализациялык тармакты төшөөдө калктын акча каражатын жыйноону бекитүү жөнүндө кайрылуусу тууралуу айылдык кеңештин төрагасынын билдирүүсүн карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылынын Школьная, Ат-Башы, Достук, Манас, Кыргызстан, Кожомкул, Долон, Токтогул, Фрунзе, Кожожаш, Фабрика, Гоголь, Кавказ туюгу, Логвиненко, Чугуева жана Алма-Ата көчөлөрү боюнча канализациялык тармакты төшөө үчүн тариф – ар бир короодон 37,0 (Отуз жети) миң сомдон, анын ичинде калктан (ар бир короодон) канализациялык тармакты киргизүү үчүн жыйым – 27,0 (Жыйырма жети) миң сомдон бекитилсин.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттен ар бир короого кошумча – 10,0 (Он) миң сомдон, ошондой эле топосъемка түзүү жана долбоорду даярдоо боюнча чыгымдарды төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|