Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдны 19 апрели №65-27
Аламүдүн айыл аймагында Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү, 60а дареги боюнча “Тумар-Аламүдүн” балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 60а дареги боюнча “Тумар-Аламүдүн” балдар бакчасын ачуу жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 “Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айыл аймагы, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 60 “А” дареги боюнча жайгашкан имаратты Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун, Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2016-жылдын 14-июлундагы № 316-б “Мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу-өткөрүү актысын бекитүү жөнүндө” буйругунун, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 60а дареги боюнча жайгашкан “Тумар-Аламүдүн” балдар бакчасы ачылсын.
2. “Тумар-Аламүдүн” балдар бакчасынын башчысы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен тиешелүү документтерди каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|