Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдны 19 апрели №66-27
Аламүдүн айылынын Пионер, Маяковский, Завод, Гагарин, Некрасов, Биринчи май, Завод туюгу (“Жашыл көчө”) көчөлөрүнүн жашоочуларынын ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмү жөнүндө
Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы А.П.Филимоненконун Аламүдүн айылынын Пионер, Маяковский, Завод, Гагарин, Некрасов, Биринчи май, Завод туюгу (“Жашыл көчө”) көчөлөрүнүн жашоочуларынын ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмгө жана топтолгон карызды төлөөгө байланыштуу кырдаал жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Гидрокуруучу” ИСКАКБ (төрагасы А.П.Филимоненко) жана ар бир үй ээсин ичүүчү сууну пайдалануу үчүн эсепке алуу шаймандарын орнотууга милдеттендирилсин.
2. Аламүдүн айыл өкмөтү менен (башчысы Н.Кольбаев) “Гидрокуруучу” ИСКАКБсын (төрагасы А.П.Филимоненко) макулдашуу боюнча 2018-жылдын 1-майына чейин Аламүдүн айылынын ичүүчү суу пайдаланган жашоочуларын ичүүчү суу пайдаланган коммерциялыкка (мончо, сауна, мейманкана, кафе) жана ичүүчү суу пайдаланган тиричиликтикке (жашоочулар) бөлүп, тактоо жүргүзүүгө милдеттендирилсин.
3. Суу өлчөгүчтү орнотконго чейин ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн 2018-жылдын 1-январынан тартып коммерциялык пайдалануучулардан айына 120 сомдон, тиричиликтик пайдалануучулардан айына 70 сомдон убактылуу же аралык тариф кабыл алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жана Аламүдүн айылдык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|