Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдны 19 апрели №68-27
Муниципалдык спорт комплекси жөнүндө
“Эр жүрөк” спорт клубунун директору А. Джеенбаевдин муниципалдык спорт комплексин куруу үчүн жай же жер участогун бөлүп берүү жөнүндө катын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктуна негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылындагы “Гидрокуруучу” суу топтоочу түйүнүнүн жанында жайгашкан курулуп бүтө элек бассейнди жанашы жаткан аймагы менен “Эр жүрөк” спорт клубуна муниципалдык спорт комплексин куруу үчүн бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|