Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдны 19 апрели №71-27
Жол кире тарифтери жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле Садовое айылынын жашоочуларынын автотрансторт жөнүндө арыздарына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Садовое айылынын жашоочуларына Гидров жана Новая көчөлөрүнөн (Шанхай) шаардык транспортко жол кире үчүн аралык тариф (кошумча) 5 (беш) сом өлчөмүндө, Садовое айылынын башка көчөлөрүнөн – 2 (эки) сом бекитилсин. Садовое айылынын Гидров жана Новая көчөлөрү менен башка көчөлөрүнүн ортосундагы жол кире үчүн тариф - 10 (Он) сомду түзөт (№ 171 маршрут).
2. Аламүдүн айылынын Адилет көчөсүнөн Садовое айылына (ГЭС-3 ж/к) чейин шаардык транспортко жол кире үчүн аралык тариф (кошумча) 5 (беш) сом өлчөмүндө, бекитилсин ал эми мектеп окуучулары үчүн жол кире 10 (Он) сом (№ 135 маршрут).
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо мыйзамдар боюнча, адам укуктары боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (төрагасы Х.К.Алиев) жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|