АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын. 22-июну.№73-27
Төлөм жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле “Газсантехмонтаж” ЖЧКсынын жана “Аурдин” ЖЧКсынын катынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу бюджеттик комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Газ өткөрүүчү түтүктөрдү төшөө үчүн муниципалдык менчик жерлеринде жер казуу иштерин жүргүзүүдө “Аурдин” ЖЧКсы 50,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кассасына төлөөгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|