Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын. 22-июну.№75-27
Муниципалдык кызматтар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 80 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу бюджеттик комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 44-27 токтому менен бекитилген 1, 2, 3, 4, 5-пунктардагы акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди алып салсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|