Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 19-августу № 21
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай участкасынан айыл тургундарына турак-жай курууга, 15,3 га жер тилкелерин бөлүп берүү үчүн Бакай участкасынын башкы планына, Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын катынын негизинде, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай участкасынан турак-жай куруу үчүн бөлүнгөн, 15,3га жер тилкесинин башкы планына, Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын катынын негизинде, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Талиев |