Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын. 27-июну.№76-27
Акча каражаттары жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 5,0 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаты келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен келип түшкөн акча каражаты төмөнкү мекемелерге берилсин:
- “Гидрокуруучу” ИСПАКБга – 1500,0 миң сом Аламүдүн айылында суу мунарасын сатып алуу жана курууга;
- “Сантех-Сервис Аламүдүн” КМИге - 1500,0 миң сом канализациялык тармактарды капиталдык оңдоп-түзөөгө;
- № 2 Аламүдүн орто мектебине – 240,0 миң сом имараттын чатырын капиталдык оңдоп-түзөөгө;
- “Жомок” балдар бакчасына – 760,0 миң сом от жагуучу жайды капиталдык оңдоп-түзөөгө жана тосмо орнотууга;
- “Технотоп” ЖЧКсына – 1000,0 миң сом жолдорду капиталдык оңдоого.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|