Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын. 06-августу.№79-27
Жер тилкесин бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин № 1 Аламүдүн орто мектебинин жер тилкесин Аламүдүн айылынын китепканасы үчүн бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылынын китепканасын жайгаштыруу үчүн № 1 Аламүдүн орто мектебинин муниципалдык жер тилкесин бөлүүнү жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|