Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын. 06-августу.№83-27
Жомок мектепке чейинки билим берүү уюмунун металл тосмолору жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасынын айыл аймагынын жашоочусунан арыз келип түшкөнү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун металл тосмолорун жеке пайдалануу үчүн бөлүп берүү тууралуу Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү ооган согушунун катышуучусу А.Т.Тойчуевге 20 (жыйырма) даана тосмону калдык наркында сатууга, ал эми калган тосмолорду – 10 (он) даана Аламүдүн айылындагы ФАПты тосуу үчүн, 90 (токсон) даана Гидрокуруучу көчөсүндөгү үйлөрдү тосуу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|