АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28 сентябры №85-27
Аламүдүн айыл аймагынын спорт комплексинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Пролетарская көчөсү № 12 дареги боюнча жайгашкан спорт комплексин ага ага жанаша жаткан жер тилкеси менен миниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине Аламүдүн айылы Пролетарская көчөсү № 12 дареги боюнча жайгашкан спорт комплексин ага ага жанаша жаткан жер тилкеси менен кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|