Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28 сентябры №86-27
Кирешелер планын көбөйтүү жана азайтуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Д.Алымбаеванын 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кирешелер планын көбөйтүү жана азайтуу жөнүндө угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кирешелер планын ашыра аткарууга байланыштуу төмөнкү баскычтар боюнча план көбөйтүлсүн:
- киреше салыгы – 6613,7 миң сомго;
- калктуу конуштардан жерди ижаралоого төлөм – 310,0 миң сомго;
жана атайын эсеп боюнча:
- акы төлөнүүчү кызматтардан акчанын түшүүсү – 546,3 миң сомго.
2. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кирешелер планын жеткире аткарбоого байланыштуу төмөнкү баскычтар боюнча план азайтылсын:
- милдеттүү патенттин негизинжеги салык – 45,8 миң сомго;
- кыймылсыз мүлккө салык – 320,0 миң сомго;
- айыл чарба багытындагы жер салыгы – 70,0 миң сомго;
- сатуудан алынуучу салык – 90,0 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|