Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28 сентябры №87-27
Долбоорлор жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл аймагынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жана чечүү маселеси жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2019-жылга карата Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду каржылаган конкурска катышуу жөнүндө төмөнкү долбоорлор бекитилсин:
- № 1 Аламүдүн орто мектебинин имаратынын фасадын оңдоп-түзөө жана жасалгалоо, ошондой эле аймагын абаттоо - 3990,5 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 1197,15 миң сом, республикалык бюджеттен – 2793,35 миң сом;
- “Тумар” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын фасадын жана фронтонун оңдоп-түзөө жана жасалгалоо – 1228,054 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 368,416 миң сом, республикалык бюджеттен – 859,637 миң сом;
- № 2 Аламүдүн орто мектебинин спорт комплексин капиталдык оңдоп-түзөө – 2720,4 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 816,1 миң сом, республикалык бюджеттен – 1904,3 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондунан дем берүүчү гранттарды алууга долбоордук табыштамалардын конкурсуна катышуу үчүн документтерди даярдасын жана жөнөтсүн, ошондой эле 2019-жылга карата бюджетти түзүүдө эске алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|