Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06 февралы №108-27
№ 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин спорт аянтчасынын тосмосун жасалгалоо жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Кариповдун № 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин спорт аянтчасынын тосмосун жасалгалоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чүй облусун Өнүктүрүү фонду каржылаган долбоордук табыштамалардын конкурсун өткөрүү жөнүндө катынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облусун Өнүктүрүү фонду каржылаган конкурска катышуу үчүн “№ 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин спорт аянтчасынын тосмосун жасалгалоо” долбоору бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн демилгелүү топ түзсүн жана бекеитсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Чүй облусун Өнүктүрүү фонду каржылаган долбоордук табыштамалардын конкурска катышуу үчүн документтерди даярдасын жана жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|