АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01 марты №109-27
Мунипалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айылы Фабрика көчөсү № 4/5 дареги боюнча жайгашкан батирди муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|