Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01 марты №110-27
Музей ачуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин музей ачуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 2 жана 13-пунктарынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айылы Набережная көчөсү № 300 дареги боюнча жайгашкан административдик имараттын аймагына чөлкөм таануу музейин ачууга уруксат берилсин.
2. Чөлкөм таануу музейин жайгаштыруу үчүн Аламүдүн айылы Набережная көчөсү № 300 дареги боюнча муниципалдык жер тилкесин бөлүүнү жүргүзүүгө уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|