Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21 ноябры №134-27
Техника сатып алуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевдин муниципалдык ишканалар үчүн техника сатып алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө муниципалдык ишканалар үчүн “Айыл банк” ААК аркылуу лизингге жылдык 16% боюнча 6 жылдык мөөнөт менен төмөнкү техникаларды сатып алуу жактырылсын жана уруксат берилсин:
- “Мээнет-Аламүдүн” МИге – 2 таштанды ташуучу унаа, суммасы 6 млн 580,0 миң сомду түзөт;
- “Аламүдүн Автотранс” МИге – 8 кичи автобус, суммасы 18 млн 480,0 миң сомду түзөт;
- “Муниципалдык курулуш” МИге – 2 оор жүк ташуучу унаа, 1 экскаватор, 1 мала – жалпы суммасы 25 млн 634,0 миң сомду түзөт.
2019-жылдын аягына чейин сатып алуу суммасынан 10%ы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн, калган сумма келишимге ылайык төлөнсүн.
2. Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн айыл өкмөтүнө катталган жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Аламүдүн айылы Набережная көчөсү № 300а дареги боюнча жайгашкан далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-0711 административдик имаратты жана Аламүдүн айылы Пролетарская көчөсү № 12 боюнча жайгашкан далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-3016 спорт комплексин күрөөгө коюусу жактырылсын жана макулдук берилсин.
3. Аламүдүн айыл өкмөтү ушул лизинг Айыл банк” ААКсына кепил катары чыгуусу жактырылсын жана макулдук берилсин.
4. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаев муниципалдык ишканалар менен биргеликте Айыл банк” ААКсы менен тиешелүү документтерди даярдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|