Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21 ноябры №135-27
Муниципалитеттер ортосунда ишкана жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевдин турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу үчүн муниципалитеттер ортосунда ишкана түзүү жөнүндө маалыматын, ошондой эле Ленин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-июлундагы № 105/27 токтомун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 62-2-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү Ленин айыл өкмөтү менен биргеликте турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу үчүн муниципалитеттер ортосунда ишкана ачуу жактырылсын жана макулдук берилсин.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте төмөнкүлөрдү ишке ашыруу тапшырылсын:
- турмуш-тиричилик калдыктарын керектен чыгарууну уюштуруу үчүн таштанды полигонуна ылайык жер тилкесин аныктоо;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн “Мээнет-Аламүдүн” муниципалдык ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиричилик калдыктарын чогултууну, алып чыгууну жана керектен чыгарууну уюштуруу үчүн муниципалитеттер ортосунда ишкана түзүү боюнча толук чараларды кабыл алуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|