Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06 сентябры №1
Мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо департаментинин Кеңеш айыл аймагынын ортосунда түзүлүүчү келишим боюнча сунушту талкуулап Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүндө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алууга штаттык бирдик каржы экономикалык маселелер мүмкүнчүлүк бербегендигине байланыштуу келишимди бекитүү жагы кийинки мезгилдерге жылдырылсын, 2020-жылдын бюджетине киргизилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|