Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31 октябры №3
Кеңеш айыл аймагынын тургундары 2009-жылдын 31-июлуна чейинки өз алдынча турак жай куруп жиберген тургундарынын турак жай алдындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомун аткарууга алуу менен Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын 06.09.2019-жылдагы кезексиз XIV-сессиясынын № 7 токтомунун негизинде Кеңеш айыл аймагынын 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөттө өз алдынча турак жай куруп жиберген тургундарынын турак жай алдындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдраимов айылынын № 106, 108, 109, 105 контурда жайгашкан 11,20 га сугат, Аркалык маала бөлүмүндөгү № 97 контурда жайгашкан 7,80га сугат, Достук бөлүмүндөгү 3-02-06-1004 кодунда 3,0га сугат, Арпачы бөлүмүндөгү № 76-контурда жайгашкан 2,20га сугат, Орто-Сайучасткасында № б/н, 1-контурда жайгашкан 16,0га сугат, Коргон бөлүмүндө № 156-контурда жайгашкан 4,0га сугат, Могол бөлүмүндө № 138-контурда жайгашкан 3,0га сугат, Аукайылындагы № 626 (627), 652 (644), 692, 782, 647, 642 (643), 783-контурда жайгашкан 17,5га сугат, Кызыл бөлүмүнөн № 764-контурда жайгашкан 2,0га суугат, Шыдыр айылынын № 680-контурда жайгашкан 4,10га сугат, Тандоо бөлүмүндөгү № 335-контурда жайгашкан 1,40га сугат, 1-Май айылынын № 751-контурда жайгашкан 3,0га сугат, Сейитказы айылынын Сасык колот бөлүмүндөгү № 198 (14)-контурда жайгашкан 2,50га сугат, жалпысынан 77,71га жер аянттарындагы тургундар тарабынан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөттө өз алдынча курулган турак жайлар алдындагы жана турак жай курулушу үчүн ажыратылган жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтому менен бекитилген убактылуу тартиптин талаптарына ылайык атайын түзүлгөн райондук комиссиянын белгиленген айыл чарба жерлерин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жагы суралсын.
2. Жогоруда белгиленген жер тилкелерин “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) боюнча аталган токтомдун талаптарына ылайык иш кагаздарын даярдоо жагы жер адистерге жүктөлсүн.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Саиповко милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|